​Вашингтон, Лондон, Берлинде нааразылык акциялары өттү

  • 4 года мурун

АКШнын Вашингтон жана башка көптөгөн шаарларында миңдеген адамдар расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы демонстрацияга чыгышты.

Вашингтон мэри Мюриэль Баузер өлкө президенти Дональд Трамп демонстранттарга өтө катуу мамиле жасап жатат деп эсептөөдө. Ак үйгө алып бара турган көчөдө “Териси каралардын да өмүрү да маанилүү” деген жазуулар илинип турат.

Ал арада 6-июнда Германиянын Берлин, Франкфурт-на-Майн, Мюнхен, Гамбург, Бонн шаарларында да 57 миң кишинин катышуусунда “үнсүз демонстрациялар өттү.

Лондонда нааразылык акциясы парламент аянтында өттү. Чогулгандар алгач тизе бүгө Жорж Флойду эскерип, андан соң анын атын атап, кол чабышты.

Австралиянын Брисбен, Мельбурн жана Сидней шаарларында да миңдеген кишилер көчөгө чыгып, ынды кара Жорж Флойду эскеришип, австралиялык аборигендерге карата полициянын зомбулугуна нааразылык билдиришти.

Брисбендде полиция митингге чыккандарга беткап жана дезинфекция каражаттарын таратты. Демонстрацияга 10 миңден ашуун киши катышкан.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты