​“Тажадым” деп аталган онлайн-митинг уюштурулду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 5-июнда, социалдык тармактарда активисттер уюштурган «Тажадым» деп аталган онлайн митинг өттү.

Анда Кыргызстандагы терс көрүнүштөр тууралуу сөз болду, коррупция, шайлоодогу көз боёомочулук, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан нерселерди, ким эмнеден тажаганын айтып чыгышты.

Онлайн митинг «Фейсбук» «Инстаграм» социалдык тармактары, #тажадым деп аталган баракчада түз эфирде өттү.

Онлайн митингде Дастан Бекешев, Клара Сооронкулова, Жанар Акаев, Афтандил Жоробеков, Эрулан Көкүлов, Айбек Баратов, ошондой эле түз эфирде онлайн-митинг катышуучулары болгон жарандар тажаган көрүнүштөрү тууралуу сөз кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты