COVID-19: Жаңы 37 учуру катталды. Бардыгы 1936га жетти

  • 4 года мурун

5-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 14;
Чүй облусу – 7;

Нарын облусу – 6;

Ысык-Көл облусу – 3;
Ош шаарында – 1;

Ош облусу – 5.

-Бүгүн катталган жаңы 37 учурдун, 17си четтен келгендерден табылды. Алардын ичинде, Москва жана Оренбургдан келген жарандар бар. Калган 12 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталса, 8 учурдун булагы тактала элек –деди — саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

Республикада инфекцияга кабылгандардын жалпы саны 1936га жетти.

Бир суткада коронавирустан 48 киши айыкты. Айыккандардын жалпы саны 1340ка жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты