​АКШда башаламандыктар коштолгон акциялар кеминде 75 шаарда өтүүдө (Видео)

АКШнын бир нече штатындагы массалык баш-аламандыктарда 4 миңден ашык киши камакка алынды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Миннесота штатында афроамерикалык Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон кийин башталган нааразылык акциясы кеминде10 штаттагы 75 шаарда өтүп жатат. Бул акциялар башаламандык, талоончулук, имараттарды өрттөө менен коштолууда.

Полиция акция катышуучуларына каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим ок колдоно баштады. Башаламандыктарга катышкан төрт миңден ашык киши камалды. Алар талоончулук кылып, жол тосуп, коменданттык саат эрежелерин бузгандыгы айтылууда.

Абалдын курчуп кеткенине байланыштуу 25 ири шаарда, анын ичинде Лос-Анжелес, Денвер (Колорадо), Майами (Флорида), Атланта (Жоржия), Чикаго (Иллинойс), Луисвилл (Кентукки), Миннеаполис жана Сент-Пол (Миннесота) шаарларында коменданттык саат киргизилген. Абалды жөнгө салуу үчүн Миннесота, Жоржия, Огайо, Колорадо, Висконсин, Кентукки, Юта, Техас, Калифорния штаттарынын губернаторлору Улуттук гвардиянын аскерлерин тарткан.

25-майда полиция Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында жасалма акча колдонууга шектелген жаранды кармаган. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкери куралы жок Флойду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын айтып, аны кое берүүнү өтүнгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты