Вирус жуктуруп алган медкызматкерлер жалпы саны 362ге жетти
- 4 года мурун
1-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен:Нарын облусунда-6, Бишкек шаарында – 4, Ошто жана Ош облусунда -бир учурдан.
Бир сутка ичинде 3 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 362 учур катталды. Алардын 252си стационардан айыгып чыкты.
Муну бөлүшүү