​Индиядан 16 кыргызстандык кайтты

  • 4 года мурун

«Манас» эл аралык аэропортунда «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейсин тосуп алышты.

Индия тарап менен жетишилген макулдашууга ылайык, бул каттам менен Кыргызстандын 16 жараны кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кайтып келгендер тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиакаттамдардын токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу иши улантылат.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты