​Өкмөт башчынын диплому күмөн жаратты

Соцтармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинин жогорку билими жөнүндөгү дипломунун мыйзамдуулугу күмөн жаратты.

Активист Айбек Хакимов “Фейсбуктагы” баракчасына Абылгазиевдин Кыргызстан Эл аралык университетинде окуганын өзү жана курсташтары эстей албай коюшканын жазды.

«Өмүр баянында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаганы жазылган.1993-жылы ачылган университет 1997-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Мен аталган окуу жайдын экономика жана бизнес факультетине тандалган 60 студенттин арасында элем, староста болгондуктан баарын билем. Абылгазиев ал студенттердин арасында болгон эмес. Мен бир нече курсташымдан дагы тактадым, алар да эстей алышкан жок. Тыштан окуу бөлүмү да болгон эмес. Кызык, Абылгазиев Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломун кантип алган? Эми, таң калганда эмне, биздин өлкөдө баары мүмкүн», – деп жазган Хакимов.

Премьердин маалымат катчысы Адилет Султаналиев Абылгазиев активист Хакимов сыяктуу университеттин бакалавриатын эмес, магистратурасын бүтүргөнүн түшүндүрдү. Ал университет да кийинчерээк кенен маалымат берерин кошумчалады.

Өкмөт башчынын расмий өмүр баянында ал 1994-жылы К.И. Скрябин атындагы агрардык институтту, 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин бүтүргөнү белгиленген.

Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинен бери премьер-министр болуп иштейт.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты