​Президент Жээнбеков Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат

  • 4 года мурун

Москвада өтө турган Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадга Президент Сооронбай Жээнбековдун катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Орусиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келээрин жазып чыгышкан.

26-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад 24-июнда өтөрүн билдирген.

Быйыл орус бийлиги Жеңиш күнүн ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франция, Индия, Куба, Венесуэла, Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.

Илдеттин айынан Кыргызстанда да массалык иш-чаралар уюштурулган жок.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты