​Чет жактан акча которуу 19% азайды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда чет жактан акча которуунун көлөмү азайганы байкалууда.

Бул тууралуу 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн прессконференцияда айтты.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү.

Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.

Абдыгулов «Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт» деди.

Ошону менен катар Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң продукция 3,8% кыскарганы айтылды.

Жакында парламент өкмөттүн ишин талкуулаганда бюджет тартыштыгы тышкы жардам менен жабылганы жатканы айтылган.

Коронавирус пандемиясынан улам бюджеттин тартыштыгы быйыл өлкө эгемендик алган жылдардагы рекорддук чекке жетип, 28 миллиард сомду түзүүдө.

Тактап айтканда, быйыл бюджеттин кирешеси 132,9 миллиард сом болсо, чыгаша 161,3 миллиард сом деп белгиленди.

Сүрөттө: Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов. kabar.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты