БМУ: Ысык жана коронавирус ден соолукка кесепетин тийгизиши ыктымал

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (БМУ) быйылкы жылдагы жай мезгили өзгөчө ысык болорун, коронавирустун жайылышы менен кишилердин ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

AFP агенттиги белгилегендей, аптап учурунда кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет.

БМУнун расмий өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. COVID-19 санитардык тобокелчиликти күчөтөт.

Май айынын ортосунда БМУ 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты