Мукар Чолпонбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Расмий некрологдо айтылгандай, Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция кесиби боюнча билим алган.

Эмгек жолун 1976-1984-жылдары Фрунзе шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан баштаган.

Андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРнин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

1984-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган.

1991-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

1991-1993-жылдары президенттик аппараттын сот жана мыйзам чыгаруу бийликтин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары юстиция министри болуп иштеген.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп шайланган.

Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин юрист-адвокат, «Мукар жана профи» аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенди.

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн Мукар Чолпонбаевге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамдары ыйгарылган.

Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Ал эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары да түздөн-түз катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз.

Расмий некрологго Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева баш болгон калың катардагы замандаштары көңүл айтты

24-майда, республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, экс-депутат, дасыккан юрист, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан 70 жаш курагында кайтыш болгон.

Мукар Чолпонбаевдин сөөгү 25-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты