Бир суткада 30 кишиден коронавирус аныкталды. Бардыгы 1433кө жетти
- 3 years мурун
25-майдагы маалымат боюнча бир суткада республикада 30 кишиден коронавирус аныкталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 17, анын ичинде 8и Санкт-Петербург шаарынан келгендерден
Чүй облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ош шаарында – 3;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 1
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.
Өлкөдө инфекция жуктургандардын жалпы саны1433кө жетти.
Муну бөлүшүү