​Октябрь РИИБинин кызматкери коронавирус жуктурганы чын. Бирок мекеме карантинге алынбайт

  • 4 года мурун

Биздин редакцияга “Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын бир нече кызматкерлеринде коронавирус чыгып, алар менен контакт болгондор жумушка кадимкидей эле чыгып иштеп жатышат. Башка мекемелердин кызматкерлеринен чыкса ошол мекемени карантинге жаап жатышат, бирок Октябрь РОВДсы жабылбай, кадимкидей иштеп жатканы кооптуу” деген билдирүү келип түшкөн.

Башкы сүрөт иллюстративдик.

ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов Октябрь РИИБинен 1 кызматкерде коронавирус аныкталганын билдирди.

“Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен бир гана кызматкер — участкалык милиция кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталган. Ал жөө патрулда жүргөн кызматкер экен. Азыр ал ооруканада, дарыланууда, оору жеңил өтүүдө. Үй бүлөсү дагы текшерилген, бардыгы таза. Калган Октябрь РИИБинин кызматкерлери бир нече жолу текшерүүдөн өтүшкөн, бардыгы таза”, — дейт Бакыт Сейитов.

Аны менен катар эле Октябрь РИИБин карантинге жабуу маселеси жок экенин айтты.

“Октябрь РИИБи күн сайын санобработкадан өтүп, дезинфекция жүрүүдө. Бардыгы таза, кызматкерлер коргонуу буюм-тайымдар менен толугу менен камсыз болгон. Мен дагы барып көрүп келдим. Эч кандай карантинге жабуу тууралуу маселе жок”, — дейт ИИМ маалымат кызматынын жетекчиси.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматына караганда, 23-майга карата маалымат менен, Бишкек шаарында 43 ички иштер кызматкерлеринде коронавирус аныкталган.

Республикалык штабдын 21-майга карата маалыматына караганда, күч түзүмдөрүнүн 85 кызматкерине коронавирус жуккан. Анын ичинен Нарын ички иштер башкармалыгында 25, Генералдык штабда 2, Жаза аткаруу кызматынын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери 7, ИИМ кызматкерлери 43, ИИМ академиясынан 3, УКМКда 2, Бишкек шаардык прокуратурада 1 кызматкер вирус жуктурганы катталган.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты