Маматалиев «Өкмөттүк эмес уюмдар» мыйзам долбоорунун демилгечиси болуудан баш тартты

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуу оюнан кайтты.

Депутат Маматалиевдин ЖКМга айтымында, мыйзам долбоорунда анын сунуштары эске алынган эмес.

-Ооба, башында мыйзам долбоорун колдогом. Мага бизде гей-парад болбошу үчүн ушундай мыйзам керек экенин айтышкан. Бирок азыр бир катар туура эмес жагдайлар бар экенин көрдүм. Анын үстүнө менин сунуштарым эске алынган жок, — деди ЖМКга Маматалиев.

Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Эми бул тизмеден Марлен Маматалиев чыкты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты