Акаев: “Абылгазиев жыштык сатуудагы коррупцияга аралашпаганын далилдесин”

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бүгүн, 20-майда, парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирди.

— Мындан бир аз убакыт мурун коррупциялык ири ишке шектелип мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Черногубова камалды.

Андан кийин, биздеги маалымат боюнча, улуттук коопсуздук кызматында башкармалыктын жетекчиси, аны менен кошо дагы бир кызматкер камалды. Өкмөттүн аппаратынан дагы бул күндөрү сурак берип жатышат.

Бул жерде ири сумма тууралуу сөз болууда. Ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеши керек. Бул премьер-министрге чоң жардам болот. Эгерде катыштыгы болсо, ал түздөн-түз тез арада жооп бериши керек.

Буга чейин билесиңер, “Ала ТВ” жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо “Билайнга” сатылган.

Бирок “Ала ТВ” телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан, ал жердеги жыштык телевидение үчүн гана. Бирок мына ушуну “Ала ТВ” “Билайнга” 1 млн 800 миң долларга сатып жатат. “Билайн” биздин мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо телевидениеге деп багытталган жыштыкты 4G уюк операторуна интернетке тууралап, аны кайра каттады.

Эми ушул жерде чоң маселе болуп жатат. Буга чейин билесиздер, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык 1 млрд 500 миң сомго сатылган же 25 млн долларга. сатылган, аукцион, конкурс менен.

Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц жыштык бекер, 700 сомго кетип жатат.

Менде азыр байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жашыруун каты турат. Ошол убакта өкмөткө бул келишим, кайра каттоо мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет деп жазып жатат, бул жерде бюджетке миллиарддаган акча зыян келет, биз бул 200 мегагерцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот, ошон үчүн биз мындай кадамга барбашыбыз керек деп убагында кат менен берип жатат.

Бирок ошого карабастан, мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, конкурс кылбай туруп, булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Бул жерде абдан чоң маселе турат.

Ага чейин ошондой эле дагы бир лицензияны башка уюк операторлорго (900 млн долларлык) 1000 сомго сатып жатат.

Мен муну ойлоп тапканым жок, бул дагы — мамлекеттик коопсуздук кызматынын каты. Муну 1000 сомго сатып жиберишкен.

Ушул жыштыктан бюджет эксперттердин эсебинде, дээрлик 5 млрд сомго зыян тартып жатат.

Биз азыр эл аралык институт, финансылык институттардан жалдырап акча сурап жүрөбүз. Бул жерде 5 млрд сом бюджетке түшпөй жатат.

Премьер-министрдин уруксаты жок бул иш болбойт, ошондуктан бүгүндөн калбай күч органдары катуу киришип, өкмөт башчынын бул кылмышка тиешеси барбы-жокпу, тез арада далилдеши керек.

Анткени, улуттук коопсуздук кызматынан да суранат элем, ошол эле казакстандык ири уюк компаниянын жетекчисинин оң колу келип, премьер-министрге жолуккан.

Мына ушундай маселе бар. Буга чейин алтынды саткан учур болду, жерди, кенди саткан учур болду, бирок азыр дем алып жаткан абаны сатып, акча жасап жаткандар азыркы өкмөттүн тушунда пайда болду.

Муну адилеттүү тергөө жасап, биз тандаган өкмөттүн кадамына жоопкерчиликти берүү биздин колубузда турат, — деди депутат Жанарбек Акаев.

Мындан мурда байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупцияга шектелип кармалган.

Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты