Шайлоо босогосун 5%га түшүрүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкан жок

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-майда, өткөн конституциялык мыйзамдуулук, укук маселелери жана регламент боюнча комитет жыйынында шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

Анда 14 депутаттын экөө гана колдоп, калгандары каршы чыкты.

Ал эми жогоруда аталган мыйзамга альтернативалуу мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.

Ал жыйында депутаттар Наталья Никитенко, Исхак Масалиев, Мирлан Жеенчороев шайлоо тууралуу алардын мыйзам долбоору каралбай, төрт айдан бери жооп болбой жатканын сындаган

Аталган депутаттардын шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна альтернативалуу мыйзам долбоорун алып чыккан депутат Канат Керезбеков бул регламентке ылайык сунуш кылынганын белгилеген. Алардын мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты