Эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
19-майга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды.
7 медкызматкер ооруканадан сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
19-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталып, жалпы саны 1243кө жетти.
Муну бөлүшүү