​Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында КамбарАта-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишимди жактырды.

Депутаттар Евразия өнүгүү банкынын инвестициялык насыясы тууралуу келишимге киргизилген кошумчалар боюнча долбоорду талкуулады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылайт.

Комитетте келишим тууралуу өнөй жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Айтмамат Кадырбаев баяндама жасады.

Депутат Акылбек Жапаров долбоор тууралуу келишим 2017-жылдын январында бекитилгенин эске салып, андан бери канча каражат иштетилгенин сурады.

Айтмамат Кадырбаев ага жооп берип жатып буга 1,4 млн. доллар бөлүнүп, бирок ал иштетилбегенин, буга жұйөлүү себептер болгонун айтты. Маалыматка караганда, кошумча келишим кабыл алынгандан кийин аталган банк Кыргызстанга дагы 1,3 миллион доллар берет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты