Коронавируска жалпысынан 255 медкызматкер чалдыкты
- 4 года мурун
18-майга карата бир суткада өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды.
Бир суткада 8 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 255 учур катталды.
212 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
18-майга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 78 учур катталып, алардын жалпы саны 1216га жетти.
Инфекция аныкталгандардын арасынан 43ү-Соль-Илецк шаарынан келгендер, үчөө-Санкт-Петербургдан келгендер, төртөө-жөк ташуучулардан жана дагы бирөө чет өлкөдө окуган жарандан аныкталган.
Бүгүнкү маалыматта айтылган 78 учурдун 51и чет өлкөлөрдөн келгендерден аныкталган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.