Селден улам Зарафшан шаарында 300 киши эвакуацияланды

  • 4 года мурун

13-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан кийин Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзбекстан өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, суу каптоодон төрт турак-үй зыянга учурап, 300гө жакын жергиликтүү тургун коопсуз райондорго эвакуацияланды.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин 70 кызматкери жана тогуз атайын техникасы иштеп жатат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты