Депутат Бекешев: “Айып пул салуу туура эмес. Анда 1-2 бет каптан бекер бергиле”
- 4 года мурун
- Баяндар
Депутат Дастан Бекешев бүгүнкү, 13-майдагы, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда өкмөттүн 2019-жылдагы отчетун угууда өкмөткө суроо берип, бет кап тагынбагандарга айып пул салуу өлчөмү чоң болуп жатканын билдирди:
-Коронавирус дарты акчасыз адамдарга салык салуу катары болуп калды го. Бет кап жок болсо — айып пул, справка жок болсо — айып пул, машина жок болсо-жөө жүрөсүң, Бул туура эмес го, -деди депутат.
Ага жооп катары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев инфекциядан коргонуу шарттарын талап кылууну колдоп коюуну өтүндү.
-Бул баарыбызга келген оорчулук да, туурабы? Оорчулукта ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарышы керек. Мисалы, беткапты эмнеге айтып жатабыз? Макул, өзүңдүн ден-соолугуңду сактабасаң, жаныңдагыларга зыян келтирбе деген эле мааниде. Беткапты кий, санитардык норманы сакта, бирөөнө жугузба, үйдөн чыкпа деген сөздү аткарыш керек. Үйүнөн чыкпаса, анда бет кабын кийбесин.
Вице-премьер Кубатбек Боронов айып боюнча кошумчасын келтирди:
-Арабызда симптому жок жүргөн кишилер бар. Физикалык тарапка -1000 сом, юридикалык тарапка 5 000 миң сомго чейин айып каралган. Коомдук жайга чыкканда тагынышыбыз керек.
Дастан Бекешев жогорудагыларга жооп катары буларды билдирди:
-Мен аны жакшы эле билем. Мен дагы беткап кийүүгө чакырып жатам. Бирок айып пул салуу туура эмес. Анда күнүнө 1-2 бет кап бекер бергиле, — деди депутат.
Өкмөт башчы кошумчалап:
— 15 сомго бир беткап алып алуунун оорчулугу деле болбосо керек, -деп жооп кайтарды
Карантиндик жана санитардык эрежелерди сактабагандар үчүн 1000 сомдон 17 миң сомго чейин айып каралган. Коомдук жайларда беткапсыз жүргүндөргө 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып салынат.
Сүрөт: kenesh.kg