​Эне-баланы коргоо клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды

  • 4 года мурун

10-майдан 25-майга чейин Эне жана баланы коргоо клиникалык төрөт үйү кош бойлуу жана ай-күнү жакындаган айымдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Аталган борбордр беш медициналык кызматкер, анын ичинен 3 врач, 1 акушер, 1 санитарга коронавирус жуккан. Медициналык байкоодо 27 кызамткер турат.

Эне жана баланы коргоо төрөт клиникасында обсервация шартындагы кызматкерлердин тизмеси түзүлүп, бейтаптар менен иштөө улантылып жатат. Бардык бейтап жана кызматкерлерден COVID-19 илдетине ПЧР-диагностика алынды.

Карантин убагында аталган клиникага бара турган кош бойлуу жана ай-күнү жеткен айымдарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алышат. Кош бойлуу жана ай-күнү жакындагандар Бишкек шаарындагы перинаталдык борборго жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө эне жана баланы коргоо клиникалык төрөт үйүндө медкызматкерлердин көзөмөлүндө 111 бейтап жатат, 64 аялдын ичинен ону кош бойлуу, калганы жаңы төрөгөндөр жана 47 жаңы төрөлгөн 47 ымыркай, алардын ичинен 11и реанимацияда.

Кыргызстанда 12-майдагы маалымат боюнча, COVID -19 инфекциясы 21 кишиден аныкталып, жалпы саны 1037 болду. 21 киши ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын бардыгы 709 кишини түздү. 12 киши каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты