​Суракматов: “Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алуунун 98 очогу бар”

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордо дарт жуктуруу мүмкүн болгн 98 очок бар экенин эскертти.

Анын айтымында, Бишкекте ооруну жуктургандардын саны – 272, башка жактан келгендер – 37, медкызматкерлер – 79, ИИМ кызматкерлери – 36, жергиликтүү калк ичиндеги учурлар – 235.

Мэрдин айтымында:

1. Бишкекте кире бериште 16 көзөмөл пункту уюштурулду. Анда шаарга киргендердин дене табын текшерүүгө акылуу, эгер алардан дарттын белгилери байкалса, медицина кызматкерлери обсервацияга жибере алышат же экспресс тест алынат.

2. Бишкектин аймагындагы бардык субъекттер санитардык эрежелерди (беткап тагынуу, колдорду дезинфекциялоо, коомдук жайларда 2 метрден кем эмес аралыкты кармоо) так сактоого зарыл.

3. Шаар ичинде уруксат берилген ишмердүүлүк боюнча жүрүү үчүн жарандар жанында тек-жайын тастыктаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталганиш ордунан маалым кат алып жүрүүгө тийиш. Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге, ИИМ кызматкерлерине, атайын кызматтарга, ӨКМ кызматтарына, ММК, шаардын тиричилигин камсыздоого ишке тартылган коммуналдык жана энергетика кызматтарына тоскоолдуксуз жылып жүрүүгө уруксат берилет (жанында күбөлүгү же иш ордунан салык кызматында тастыкталбаган маалым кат болушу керек).

5. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери ар бир кызматкер үчүн маалымкат жазып бериши жана аларды салык органына ырастатуусу керек.

6. Иштебеген адамдар туугандарына, жакындарына, дүкөнгө жана салондорго баруу үчүн кол менен толтурулган маршруттук баракчасы болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.

7. Башкаруу органдары өзгөчө кырдаал тартибине которулган иш-аракеттердин планы бекитилген.

8. Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылуу керектиги айтылды. Шаарда медиктердин жана санитардык врачтардын 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат.

9. Жардам көрсөтүү боюнча тизмелер жер-жерлерде комиссиянын чечими боюнча түзүлөт жана райондук администрация тарабынан бекитилет. Жалпысынан 10-майга карата 93 миң азык-түлүк топтомдору же 250 миң жаранга жардам көрсөтүлдү. Түлөбаев Балбак – мэрия боюнча жооптуу. Райондор боюнча азык-түлүк коопсуздугуна тийиштүү райондук аким жооп берет.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри маалымат жыйынында билдирди.

11-майдан тартып коменданттык саат жоюлду. Бирок Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилди. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты