​Кытайдан гуманитардык жардам келди

  • 4 года мурун

Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди.

Кытай өкмөтү чартердик каттам менен 100 миң даана ПЧР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң N95 бет кап, 150 миң медициналык бет кап, 1000 даана термометр гумжардам жеткирип берди. .

Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Буга чейин да Кытай өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты