Араб эмирлигинен кыргызстандыктар кайтты
- 4 жыл мурун
Бүгүн, 10-майда, ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты. Мекенине 177 кыргызстандык учуп келди.
Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.
Сүрөт: ТИМ маалымат департменти.
Муну бөлүшүү