Дагы беш медкызматкерге коронавирус жукту
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Алар — Нарын облусунда үчөө, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда бирден.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 231 медицина кызматкери катталды, алардын ичинен 166 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
Кыргызстанда 9-майга карата COVID-19 инфекциясынын 25 учуру катталып, жалпы саны 931 ге жетти.
Муну бөлүшүү