​Коронавирус аныкталгандардын арасында убактылуу абак жайынын кызматкери бар

  • 4 года мурун

Бишкектеги №-1 убактылуу абак жайынын (СИЗО-1) бир кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев билдирди.

-Бүгүнкү күндө СИЗО-1де бир гана кызматкер коронавирус жуктурган учур бар. Кызматкерден тиешелүү анализдердин баары алынган жана алмедиктердин көзөмөлүндө. Азыркы учурда СИЗОдо бул учур боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

Ошондой эле “РСК Банк” ААКнын 2 кызматкери коронавирус инфекциясын жуктурду.

Банктын Бишкектеги кеңсесинде жана Чаткал районундагы филиалдын кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Кыргызстанда бүгүнкү, 8-майдагы, маалымат боюнча COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталып, жалпы саны 906га жетти.

Сүрөттө: СИЗО-1. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты