​Өкмөт 40 млрд сом каржы булагын тапканын билдирди

  • 4 года мурун

Өкмөт экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин иштеп чыкканын жана 40 млрд сом каржы булагын тапканын айтты.

-Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 млрд сом тууралуу болуп турат. Анын ичинде Кумтөрдүн эсебинен 4,2 млрд сом, донорлордун эсебинен 14 млрд сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4,3 млрд сом бар. Ошондой эле 17,5 млрд сомго жакыны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан болуп саналат, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен катар экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты