23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
- 4 года мурун
Кыргызстанда 7-майга карата бир суткада 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Алардын арасынан Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 8.
Республика боюнча жалпы 637 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
7-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталып, жалпы саны 895ке жетти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү