​Кыргызстанда «Онлайн университет» платформасы ишин баштады

  • 4 года мурун

Кыргызстанда «Онлайн университет» платформасы иштей баштады.

7-майда саат 15:00до «Онлайн сынакты кантип уюштуруу керек?» аттуу темада алгачкы вебинарын өткөрөт.

«Пандемия шартында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, дипломдук, магистрдик иштерди коргоо онлайн форматта өткөрүлмөкчү. ЖОЖдор бул кырдаалга даяр эмес болгондуктан, бир катар кыйынчылыктар жаралууда. Ушул кыйын мезгилде ЖОЖдордун онлайн окутуу системасына өтүүсүнө жардам берели жана мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулаталы деп демилгечи топ түзүп, акысыз вебинарларды өтүп жатабыз. «Онлайн университет» платформасынын максаты мындан да кенен жана узак мөөнөттүү» деди платформаны негиздөөчүлөрдүн бири Элира Турдубаева.

Жаңы ачылган «Онлайн университет» платформасы курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген мекендештерибизден жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү онлайн режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын көздөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты