​Кичинекей Аишанын операциясына кайрымдуулук кылыңыздар!

  • 4 года мурун

Кичинекей Аишанын апасы Жанат Кубатбекова кызынын операциясы үчүн кайрымдуу калктан жардам сурап, редакцияга кайрылды.

Кайрылуусунда ал мындай деп жазган:

— Урматтуу кыргыз элим! Аишанын операциясы үчүн сиздерден жардам сурайбыз. Кызым 2019-жылы 21-февралда туулган. Буга чейин ага эки ирет операция жасалды.

Азыр Түркияда, Стамбул шаарындагы ACIBADEM клиникасында операция кылууга 16608 USD + (кабыл алуу 200 USD+3D томография 385 EURO), жалпысынан 1 млн 496 миң сом керек болууда.

Буга чейин кайрымдуу адамдардын колдоосу менен 200 миң сом чогултулду.

29 жумалык боюмда бар кезде баламдын ушундай диагноз менен төрөлөрүн алдын-ала билгенбиз. Дарыгерлер мындай диагноз менен төрөлгөндөр көпкө жашабайт дешет, бирок кудайга шүгүр, 1 жаш эки ай болуп калды. Убагында жана туура дарыласа, жашап кетерине үмүт бар экен. Кызымдын омурткалары ажырап, жүлүнү сыртка чыгып калган, башынын 1/3 бөлүгүндө суу бар. Буттары билинер-билинбес кыймылдайт жана заарасы токтобойт. Азыркы убакта 1 жаш 2 ай болсо дагы, отургузганга болбойт, башын бир аз кармайт. Буюрса, Түркиядан жүлүнгө операция жасатсак, бутунун кыймылдашына шарт түзүлөт. Кийинчерээк омурткасына операция жасалат.

Аиша эки ай кезинде башына «шунт» коюлган. «Кудайга шүгүр, суусу кетип, мээси көрүнүп калды. 8 айында грыжасынан операция болду.

(Диагнозу (орусча берилет): ВПР ЦНС Spina Bifida миеломенингоцеле, синдром фиксированного спинного мозга. Внутренная гидроцефалия, аномалия Арнольда-Киари 2 типа. Периферический паралич обоих ног. ВПС, ДМПП.ВПР МПС гидронефротическая трансформация левой почки, недержание мочи и кала.)

“Көп түкүрсө, көл болот” демекчи, кайдыгер эмес адамдардан жардам күтөбүз жана жараткандын мээрими менен Аишанын ден соолугу жакшы болуп кетээрине ишенебиз.

Эч бир наристе оорубасын жана Аишанын ден соолугу үчүн тилек айтып, кайрымдуулук кылып коюуңуздарды суранабыз.

РЕКВИЗИТТЕРИ: ЭЛСОМ 0705253114 ЭЛКАРТ 9417019440762761 Р/С KICB 1280186052730747 Kubatbekova Zhanat Abdykerimovna MBank 996705253114 Zhanat K.A (апасы) СБЕРБАНК: 4276380016566999 Zhyldyz Kubatbekova (эжеси)

Редакциядан: Наристесинин эртеңине кабатыр болуп, кабыргасы кайышып турган энеге, колубуздан келген акчалай жардам көрсөтүп коюуну унутпайлы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты