​Бишкекте төрт медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

6-майдагы маалыматка караганда, бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Республика боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алган медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды. 154 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.

6-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталып, жалпы саны 871ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты