Коронавирустун оор учурунан бир аял каза тапты
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде, 6-майдагы маалымат боюнча, Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасынан 67 жаштагы 1 аял каза болду.
-Ал кишинин ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон.
Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жанаэксудативдик плевриттен жабыр тарткан, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.
6-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталып, жалпы саны 871ге жетти.
Муну бөлүшүү