Apple менен Google COVID-19 менен ооруган кишилерди аңдууга тыюу салууга ниеттенүүдө

  • 4 года мурун

Apple жана Google компанияларынын жаңы технологиялары коронавирус жуктургандарды аңдууга жол берейт. Бул тууралуу Techcrunch кабарлады.

Дүйнөлүк смартфон рыногунун операциялык системаларынын 99 пайызын көзөмөлдөгөн эки ири компания телефон ээлерин коронавирус жуктурган киши менен байланышта болгонун эскерте турган технология иштеп чыгууда. Өткөн жумада технология биринчи баскычында сыноодон өттү.

4-майда компаниялар технология коронавирус жуктургандарды геолокация менен аңдууга жол бербей турганын маалымдашты. Reuters билдиргендей, муну менен алар колдонуучулардын укугун өкмөттөн да коргоону көздөп жатышат.

Коронавируска байланыштуу тиркемелерди иштеп чыгып жаткан адистердин айтымында, жаңы технология вирустун тарашын жана эпидемия очогун аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Корпорациялар коронавирус инфекциясына чалдыккан кишилер менен байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү системасын түзүү тууралуу апрелдин башында макулдашкан. Ага ылайык, колдонуучулар COVID-19 менен ооруп жатканын билдириши керек, мындан соң алардын телефону вирус жуктурган кишинин кимдер менен байланышта болгонун аныктай баштайт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты