Коронавирустан дарыгерлер тобунун жетекчиси каза тапты
- 4 года мурун
Бүгүн, 2-майда, республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду.
Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык борбору билдирди.
Бейтаптардын бири – Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси (1962-жылы туулган) Жүзүм Көкүмбаева жана экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну.
Эки бейтаптын теӊ эки тараптуу пневмония, дарттын оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги байкалган. Алардын дагы башка дарттары- жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик болгон.
Республика боюнча жалпы 10 адам коронавирустан каза тапты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –200 учур катталды.
2-майда Кыргызстанда бир суткада COVID-19 вирусунун 13 учуру катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 769га жетти.
Сүрөттө: Жүзүмкан Көкүмбаева. Социалдык тармактан.