Айрым мекемелер үчүн 2,3, 4-май иш күндөрү болот
- 4 года мурун
Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2, 3 жана 4-май иш күндөрү катары саналат.
Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2, 3 жана 4-майды иш күндөрү деп жарыялоо, көрсөтүлгөн иш күндөрүндө жумушка чыга турган кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.
Муну бөлүшүү