Кыргыздын чыгаан уулу Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-майда, кыргыздын чыгаан уулу, мыкты акын, журналист, публицист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Эки акындын, Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун ээрчишип кеткени жалпы элдин жүрөгүн жаралады.

Зайырбектин бул ыры жүрөктөрдө жаңырып турат:

НӨЛҮ КӨП ЖЫЛДАР

Акыл — нөл, жан дүйнө — нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
… Ырлар- нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет –нөл, минтингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

…Башым- нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс –нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим — нөл, барым жогум билинбеген,
Изим — нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл… ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген…

«Калем кармаган балдар, өзүңөрдү сактагыла!» деп Жазуучулар бирлигинин төрагасы Нурлан Калыбеков ыйлады.

Зайырбек Ажыматовдун экинчи өмүрү эми башталып, кыска өмүрдө чоң иш жасаганы тамга ташка баскандай болуп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты