«Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин…»

Акын жана журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 1-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Бул тууралуу акын жана журналист Мирлан Самыйкожо билдирди.

-Зайырбек менен коштошуу 1-майда, саат 9:30да башталат. Андан соң «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет, — деди ал.

Зайырбек Ажыматов чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде көз жумду. Анын ар бир ыры жүрөктөн чыгып, адамды ойлондуруп, толгондуруп турат Эми ал ырлар экинчи өмүрүнө өтөөр.

Зайырбектин мындай ыр саптары бар экен:

«Убактымды жашап бүтүп ченеген,
Учуп чыгам кишендеген денемен.
Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин
Үйүм аалам, асман болот керегем»…дегендей учу-кыйырсыз чексиздикке, өлбөстүккө карай сапар алды.

Социалдык тармактарда Зайырбек Ажыматовдун адам катары да, акын катары да тереңдигин, улуулугун, кайталангыстыгын айтып жатышат.

Төмөндө айрым колдонуучулардын пикирлерин келтире кетели.

Таланттуу акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында 29-апрелде көз жумду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты