​Жарандарыбызды Мекенине кайтаруу кыйын болууда

Пандемиянын башталышынан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга

7 888 жаран кайткан.

-Биздин жарандарыбызды мекенине кайтаруу маселесин чечүү кыйын болууда, анткени көптөгөн өлкөлөр коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында чек араларын жапкан жана туруктуу авиабилдирүүлөрдү токтоткон, -деп билдирди тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

-Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды ден соолугун тобокелчиликке салбаш үчүн турган жеринде калууга чакырабыз. Жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат, алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр, -деди ал.

2020-жылдын 16-апрелинен бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга аба аркылуу жана унаа аркылуу 1556 жаран кайтып келди. Ошондой эле 126 жүк ташыгыч кайтарылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты