Коронавирустан жалпысынан 416 бейтап айыкты
- 4 года мурун
28-апрелдеги маалымат боюнча Кыргызстанда бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Жалал-Абад облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 4, Бишкек шаарында. – 3, Ош шаарында. – 2 жана Нарын, Ош, Баткен облустарында бир кишиден.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
28-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 13 учуру катталып, бардыгы 708ге жетти.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү