​Калбүбү Сариева: “Сен ырдаган “Ак ромашка” ачыла элек, Айгүл”

Бүгүн, 26-апрелде, көпчүлүк ырларын сүйүп окуган акын Айгүл Узакованын туулган күнү. Көзү тирүү болгондо бүгүн ал 69 жашка чыкмак.

Акындын курдашы, сырдашы, акын, философия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева эскерип, фейсбук баракчасына жазды:

-Бүгүн, 26- апрель — акын Айгүл Узакова туулган күн. Анын «Шамал, шамал бузба чачымды» деген ырын көптөн бери уга элекмин.

«Көл түстүү көйнөк кийип, Түшүңө кирсем керек» деп түшүмө да кирбейт…

Айгүлдүн көзү жок, мен дачадамын. … Ачылган гүлдөр, биз тоскон жаз турат….

Дүйнөнүн сесин алган таажы вирус… Карантин. Бирок унуткан жокмун. Поэзия сүйгөндөр сени унутпайт, Айгүл. Болгону сүйлөшө албай, үндөшө албай турабыз. Кайсы бир жазда сен ырдаган «Белая ромашка» ачыла элек… деп жазып, Айгүл Узаковага арнаган ырын тартуулады.

Айгүл Узаковага

Шамалдын шарын тоскон,
Көл сүйүп, ырын созгон.
Жан элең жароокер бир,
Сырдашкан шамал менен.

Сырдашып шамал менен,
Кусалуу ыр, жазып түмөн,
Көңүлгө көлүн түйгөн.
Тартылып, бирде ташып
Көлүндөй өмүр сүргөн.

Кылаасын Ысык-Көлдүн

Кышы жай эңсеп жүргөн.

Жан элең жароокер бир,
Эне элең, уул сүйгөн.
Таланттуу акын, Айгүл,
Элиңдин эсиңдесиң,
Көлүңдүн четиндесиң.

Калбүбү Сариева:

“Мезгилинен эрте туулуп, эрте жашап, эрте өтүп кетти”

— Айгүл абдан жакшы акын болчу. Ырлары жеңил, жандуу, турмушка жакын, ички сезимдерди жакшы берчү. Басмаканада анын 50 жылдыгын белгилеп жатканда жазуучу Бейшебай Усубалиев сөз сүйлөп “Айгүл адам эмес!” деп айтып калды. Бир эмес, аны үч ирет кайталады. Биз баарыбыз унчукпай, бир кызык абалда калдык. Анан бир убакта “Айгүл—акын!” деп айтканда, жүгүбүз мүрүбүздөн түшүп, жеңилдей түштүк. Айткандай, Айгүл акын болчу.

Акын эле эмес, башка да көп жакшы сапаттарга ээ эле. Тили сайрап турчу, сөзмөр, сүйлөгөндө тили гүлдөп турчу. Психолог, адамга жакшы таасир эте алчу. Эгер азыркы заманга туш болгондо ал жакшы ди-джей болмок. Анан да бир актердун театрын ачып алып, оюн көрсөтсө, көптөгөн көрүүчүлөрдү тарта алмак.

Мен Айгүлдүн өзүнө да айттым эле, ал мезгилинен эрте туулуп, эрте жашады деп. Эрте да кетти бул өмүрдөн…

Айгүл Узакова

Көл түстүү күйнөк кийип бүгүн түнү…

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен.

Ал түндө чертер сенин терезеңди,
Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.
Алыстан сапар тарткан каркыралар,
Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.

Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың:

Ал — үмүт бийиктикте жанып турган,
Сагыныч сени көздөй шашып турган.
Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,
Сезимге бир муңайым жашынышкан.

Аны сен изде, ташып кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен…

Айгүл Узакова Ысык-Көлдүн Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. «Жылдыздуу күз», «Кеч жарык», «Түнкү асман», «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» аттуу китептердин автору. 2014-жылы 12-сентябрда 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Даярдаган Айгүл Бакеева

Сүрөттө: Айгүл Узакова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты