​Медицина кызматкерлерине коргоочу костюм берилди

  • 4 года мурун

Коронавируска каршы күрөшүүдө «Апаатка такаат» социалдык долбоорунун алкагында уюшулган ишкерлердин JIA бизнес-ассоциациясы «Элим, барсынбы?» фонду менен бирге медицина кызматкерлерине 1000 коргонуучу костюм беришти.

Атайын костюм Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.

Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. ЖКК республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 175 болду.

25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты