Үч медициналык кызматкерге коронавирус жукту
- 5 лет мурун
25-апрелге карата бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары — Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 175 болду.
65 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 22 дарыгер, 28 орто медперсонал, 10 кенже медперсонал жана 5 башка адис. Баары ишине киришкен.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалым болду.
25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду.
Муну бөлүшүү