Таза тур түбөлүк, Таласым!

Таласыма барып келдим… Табигаттын таза, керемет учуру ушул убак эмеспи. Бир кумардан кангандай болдум…

Айыл аралай бастым. Апамды кучактадым, актаган чайын ичтим. Достор менен чер жазыша сүйлөштүм…
Байчечекейди да көптөн бери көрө элек экем, аны да көрдүм.

Бала кездеги ырымдарыбызды бир эстеп «сенден мурун мен өскөм» деп, бирди үзүп, анан калган анча-мынчасын тамыры менен казып алдым.

Бала кезде жаздын келгенин биринчи болуп ушул байчечекей чыккандан билчүбүз. Кар эрип, тоо бети карарса эле, тоого чуркап байчечекей карачубуз…
Айылдын баткан кечи да керемет… Айтор, чер жаздым. Эл ичи тынч, башкысы балакеттен алыс экен.
Түбөлүк таза тур, касиеттүү кичи мекеним!

Жаздын келгенин байчечекей чыкканынан билчүбүз…


Айылымдын кечи керемет….

Апамды кучактадым, актаган чайын ичтим…


Күнболот Момоконов, Талас облусу.

Сүрөттөрү: Автордуку.

Редакциядан: Журналист Күнболот Момоконовдун Таластан жазган баянын окуп сергий түшөт экенсиң. Дүйнөнү, Кыргызстанды коронавирус деген коркунучтуу дарт каптап жатканда, Талас облусунда коронавирус катталбаганы кубандырат. Ылайым эле, дарт жолобой калсын! Автор да дарт жукпасын деген тилекти айтып, айылды, байчечекейди, баткан күндү, апасын көрүп келди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты