​Польшалык дарыгерлер Ош жана Жалал-Абадга жөнөшөт

  • 4 года мурун

Биздеги кесиптештерине жардамга келген польшалык медицина кызматкерлери Бишкектеги ишин аяктап, Ош жана Жалал-Абадга бүгүн, 24-апрелде, жөнөшөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Бишкекте 4 күн кечке иштеди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда польшалыктар Бишкектеги жугуштуу дарттар ооруканасындагы иши тууралуу айтып, ооруканадагы аракеттерге жогору баа берди.

— Мен республикалык жугуштуу дарыгерлер дарттар ооруканасындагы кесиптештеримдин даярдыгына жогору баа бердим, — деди Michal Madeyski. — Мында күчтүү кадрлар бар, коронавиурс боюнча иш ырааттуу, өз нугунда жүрүп жатат-деди ал.

Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкер турган топ 19-апрелде келген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты