Өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптардын дээрлик жарымына жакыны айыкты

  • 4 года мурун

Өлкөдө коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында COVID-19 вирусу жуккан бейтаптардын 48% айыгып, ооруканадан чыгарылганы айтылды.

23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда – 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. 302 адам оорудан айыкты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында аймактарда обсервациялык жайлар кишилерди кабыл алууга даяр турушу керектигин билдирди.

Андан тышкары http://med.tunduk.kg/ сайтына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип жатканы, алар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилгени кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты