Кыргызстанда коронавирустан 302 киши айыкты
- 5 лет мурун
23-апрелге карата бир суткада коронавирустан 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Кайсы жерлерде айыккандар тууралуу айтсак, Бишкек шаарында – 14, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 7, Ош шаарында – 25.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 302 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталып, жалпы саны 631 киши болду.
Сүрөт: Республикалык штаб. Мурдагы күндөрдө айыккандар жана ак халатчандар.
Муну бөлүшүү