​Чеченстанда Кадыровдон кийин аткаминерлер чачын алдыра баштады

  • 4 года мурун

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чачын кырдырып таштады.

“Кавказ-Реалии” билдиргендей, эртеси эле республикадагы көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер дагы чачтарын алдырышты.

Кадыров дүйшөмбү күнү 20-мартта коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн.

Жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Кадыров “баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт” деп ал жооп берген.

21-мартта Кадыров “Инстаграмдагы” баракчасына чачы жок чыгып, башкаларды да чачты алдырууга чакырган. Ал: “Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан. Башкысы, пайгамбарыбыз муну шейшембиден шаршембиге караган күнү жасаган» деп билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты