Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 17:50дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында-3 балл, Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында-2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү