Коронавируска жаңы кабылгандардын арасында 7 медицина кызматкери бар
- 4 года мурун
21-апрелге карата маалымат боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.
Алардын ичинен: Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3 учур.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 147 учур катталды.
Бүгүнкү күндө бардыгы 13 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен, 6 – дарыгер орто медперсонал – 5 жана эки башка кызматтагы жарандар.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, айыгып чыккан дарыгерлер кайрадан жумушка чыгып, иштеп жатышат.
21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 590го жетти.
Кыргызстанда жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 7 киши каза тапты.